- Суртоо чокусуна Түштүк кыр аркылуу чыгуу
Маршрут аскалуу, 1Б кат. (сүрөт 5, 6, 13–15). Узундугу — 2000 м (ашууга чейин 1000 м), Н — 500 м, убактысы 2,5–3 с.
«Киргизата» альплагерден (топтун курамы чектелген эмес):
- Курган дарыясын көпүрө аркылуу кеч.
- Курган дарыясынын сол жээги менен жолдон өйдө жөнөй бер.
- Арча токою бар жашыл дөбөнү айланып өт.
Курган өрөөнүнүн борборунда сол жактан бир жуп жумуру жыгачтардан жасалган убактылуу көпүрчөгө оң жактан жакындап, аны менен Курган дарыясынын оң жээгине өт (дарыянын жээгинде саз бар). Андан ары Мазар чокусунун капталы менен, Курган дарыясынын оң жээги менен мореналар аркылуу өрөөн оңго карай бурулганга чейин өйдө жүрө бер. Андан соң мореналар менен өйдө-солго карай, өрөөндү кесип өтүп, Суртоо чокусунун түндүгүндөгү Суртоо жана түштүгүндөгү Курган чокуларынын ортосундагы бийик ээр сымал белдин шагылдуу капталдарынын алдына жакында. Альплагерден — 3,5–4 с.
Көтөрүлүү:
- Моренадан 1000–1200 м бийиктикке орто жана майда 30–35° шагылдуу беттер менен көтөрүлүп, Суртоо беліне чык, борбордук жандармдан сол жакта. Өрөөндөгү моренадан — 1 с.
- Белде солго бурулуп, 20–25° жантайган 700–800 метрлик Түштүк кыр арка менен жөнөп, кыйла бузулган, жеңил, кээ бир жерде жөнөкөй аскалуу беттер менен шагылдуу участкалар жана кыска жөнөкөй дубалчалар алмашылып, кең ээр сымал жерге чык.
- Ээр сымал жер менен өтүп, жантайышы анча тик эмес 40–45° 60–70 метрлик кең жайпак, талкаланган аскалуу бет менен (тийиштүү жабдыктар менен) чокунун кыр бетине чык.
- Андан ары Суртоо чокусунун кең Түштүк кыр аркасынын бузулган аскалары жана шагылдуу бети менен чокуго чык. Курган өрөөнүндөгү моренадан — 2,5–3 с.

Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз