Пропеллер чокусу. 4551 м
Пропеллер — Карниз чокусунун түштүк-батыш бөлүтүнен чыгып, түштүк-чыгышты карай багытталган жантайыңкы карлуу кырынын акыркы тик чыгып бүткөн жери. Ал Чоң-Турасунун өрөөнүнө тик жардуу аскалуу беттик менен тосулган.
Чокуга көтөрүлүү Молдова ашуусу аркылуу жасалып, бир күнгө созулат.
16 Дружба жана Промежуточный чокулары. 4450 м
Чокулар негизги кырда жайланышып, Наливкин көлүнүн циркинин жогору жагын тосуп турушат. Дружба чокусу — учтуу кырдагы чыгышты карай аскалуу, батышты карай муздуу жана карниздер түзүлгөн чоку; Промежуточный чокусу — ушул муз кырдын чокусу. Наливкин көлүнө караган кыр тик, жылма 70-градустук муз беттик менен, түштүккө караганда чоку алдындагы акыркы метрлерде кар-муздуу жантаймалар менен тосулган, жантаймасы жогору жакта да ушул эле градусту түзөт. Чокулар кичине кар баскан алаңдар түзөт. Дружба чокусунун алаңынын чыгышында, бийиктиги бирдей болгон аскалуу «канаттар» жайланышкан.
Чокуларга Ототаш өрөөнүнөн чыгат. Ототаш өрөөнүнүн жогорку бөлүгүндөгү К-3 ашуусуна тик, көбүнчө муз каптаган аскалар аркылуу чыгып, Промежуточный чокусуна барат. Андан ары чоку боюнча чоң карниздер аркылуу Дружба чокусуна жөнөйт. Жолдо 6–8 муз бурама кадамаларды кадаганга туура келет, анткени кырдын жогорку бөлүгүнүн жантаймасы 60° жетет.
Октябрьдын 40 жылдыгы жана проф. Горелик чокулары
Эки чоку да Чоң-Турасу жана Кичине-Турасу сууларынын өрөөндөрүнүн ортосундагы каптал жалчада жайланышкан. Октябрьдын 40 жылдыгы чокусу — кичине аскалуу чоку, Марона көлүнө караган бети аска-шагылдуу; Кичине-Турасу көлүнө караган бети — кар-мүздүү.
Проф. Горелик чокусу — анча бийик эмес, бирок сулуу аскалуу мунара, үстүңкү бети муз менен капталган; мөңгү түндүк-чыгышты карай жылып жатат, чокунун жантаймалары — шагылдуу жана катуу аскалар чыккан.
Чокуларга каптал өрөөндөрдүн каалаганынан чыгууга болот: эки чокунун ортосундагы эңкейишке чоку кыры менен көтөрүлүп, чокуга жетет.
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз