Узундугу 9–10 м келген кырка тизилип отурат. Андан ары кууш жантайма — кырка кеңейип 20 м ге чейин жетет жана чоң шагыл таштар менен капталган, чокуга алып барат.
Кырканын узундугу 150 м. Чоку шагыл таштар менен капталган тегиз жер. Түндүккө карай кырка тизмеги 60° жантайма менен созулат. Чыгышка, батышка жана түштүккө – тик жар менен түшөт.
Маршрут дубал менен өтөт жана күчтүү психологиялык таасирге ээ, себеби дубалда 500–600 м бийиктикте иш жүргүзүлөт. Түшүү жол көтөрүлгөн жол менен өтөт. Бул чокуга чыгуу 15 саатты алган, 28 муздук жана 21 аска кадоолору орнотулган. Чокуга чыгуунун татаалдыгы 4А кат. баг. катары бааланган.

Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз