Андан чакан кокту менен ары-бери таштар менен жүрүп, контрфорска чыгуу. Эки жүз метрдей жүргөндөн кийин Талгардын Башкы чокусуна чыгуу.
Чокудан түштүк-чыгышты көздөй кардуу жал менен кенен коктуну көздөй түшүү, андан марашрут аяктайт:
- Корженевский мөңгүсүнө түшүү
- андан ары Суровый ашуусу аркылуу «Талгар» альпинисттик лагерине жетүү
Мөңгүдө катуу кар болсо, түшүүгө тогуз саатка чейин кетиши мүмкүн.
Чыгып баруучуларга рекомендациялар
- Катышуучулардын саны — 4 кишиден ашпашы керек.
- Баштапкы бивак Түштүк Талгар мөңгүсүнүн моренасында.
- Баштапкы бивактен 4:00 сааттан кеч эмес чыгуу.
- 4 кишилик топко керектелүүчү жабдыктар: а) негизги жип 2 × 30 м; б) кошумча жип 1 × 40 м; в) аскага кагылуучу илмектер 25 даана; г) музга кагылуучу илмектер 68 даана; д) карабиндер 20 даана; е) балкалар 2 даана; ж) тепкичтер 1,5–метрлик 2 даана; з) керектелүүчү репшнур 20 м.
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз