
Арткол
- Арткол түштүк кыр аркылуу (В. Гречениновдун маршручу Е. Греченинова 1Б кат. сл., 14 август 1938 ж.
Верхний Баксан айылынан Зугулла чейинки жол 4-маршрутта айтылган. Зугуллу суусун кечип, сол жээкке өтүп Кыртык суусунун оң жээги менен жогору жактагы таштандылар бар кыштоого чейин, андан ары сол жээк бойлой Арткол чокусунун түштүк жагындагы шагыл таштарга чейин көтөрүлүү керек. Шагыл таш түбүндө биринчи лагерди жайлаш керек. Верхий Баксан айылынан 7–8 саат кетет.
Баштапкы пункттан:
- оңго бурулуп, чоң шагыл таш менен Арткол чокусунун түштүк кырдагы таш мамыларга чейин көтөрүлүү керек;
- андан ары жөнөкөй, бирок өтө тик жана талкаланган аска-зоокалуу тик Түштүк кыры менен көтөрүлүү керек, көп сандаган жандармдар бар;
- 1-жандармды сол жактан айланып өтүү керек, шагыл таштар жана жөнөкөй талкаланган аскалар аркылуу;
- 2- жандармды түздөн-түз кыр аркылуу ашып өтүү керек;
- 3- жандармды сол жактан шагыл таштар аркылуу айланып өтүп, андан кийин жөнөкөй аска-зоока кыр аркылуу 4-жандармдын алдына чыгыш керек;
- жандармдын 3–4-метр бийиктигиндеги дубалдын ичиндеги камин аркылуу түздөн түз жогору, андан кийин кырдуу 4- жандармга чейин көтөрүлүү керек;
- андан ары жөнөкөй кыр менен;
- жандарм-мунараны сол жактан шагыл таштар аркылуу айланып өтүү керек жана андан кийин абдан талкаланган жөнөкөй аска-зоокалуу беттер менен Арткол чокусуна чейин көтөрүлүү керек.
Баштапкы бивуактан 4–5 саат кетет.
Түшүү:
- Батыш жана Түштүк кырлардын ортосундагы шагыл таштуу жантайма менен;
- 350–400 м ден соң солго бурулуп Түштүк кырга чыгыш керек;
- андан ары баштапкы бивуакка чейинки көтөрүлгөн жол менен.
Маршруттун узактыгы 2 күндү түзөт. «Баксан өрөөнү», А.Ф. Наумов
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз