3. Фильтр чокусуна Буревестник ашуусу аркылуу чыгуу – 3А категориялуу маршрут
Кичкинекол ашуусуна чейин жол 2Б маршрутундагыдай.
Кичкинекол ашуусунан Замок мөңгүсүнүн платосуна түшүп, Фильтр чокусунун алдындагы карлуу беттерди траверс жасап, Буревестник ашуусунун алдына келүү.
Мөңгүнөн чыгып, кең жайылган жылаңач мөңгүнүн ортосуна келгенде (ранклюфт) аны оң жагындагы аска тараптан (мөңгүнүн эриген сууларынан пайда болгон муз жана кар) өтүү керек. Андан соң жылаңач мөңгүнүн (ранклюфттун) оң жагы менен өйдө көтөрүлүп (муз болгондуктан өтө тайгак), ортосунан өтүп, сол жагына чыгуу керек. Андан 50 мдей өткөндөн кийин тик карлуу бет менен Буревестник ашуусуна чыгуу.
Кичкинекол ашуусунан – 1,5–2 саат.
Ашуудан оң жагындагы аска тараптан биринчи жандармга чейин барып, аны сол жагынан кар менен асканын кошулган жери менен айланып өтүү керек. Түз эле жандармга чыгууга да болот. Экинчи жандармды оң жагынан 10 м ашып өтүү керек (камсыздандыруу керек!). Карлуу бет менен басып, муз болгон жылаңач мөңгүгө (60°, 40 м) өтүү – камсыздандыруу! Муз крюктери керек!
Жылаңач мөңгүдөн (ранклюфттан) тик плиталуу аскалардан турган бетке чыгуу (60 м). Бул бөлүктө аскалардын чыгынтылары аз болгондуктан – камсыздандыруу керек! Крюктер керек!
Аскадан өйдө чыккандан кийин кырды сол жагынан кар басқан текчелер менен айланып өтүп (ушул текчелер менен), кыска, бийик жана тик аскалуу дубалга (2,5 м) келүү. Крюк! Дубалдан өткөндөн кийин кырга чыгат, ал карлуу бетке өтүп (бардыгы 160 м), Фильтр чокусуна чыгат.
Тур Кичкинекол ашуусуна бир аз сол жакта жайгашкан асканын ортосунда.
Буревестник ашуусунан – 2,5–3 саат.
Чокудан 2Б категориясындагы маршрут менен түшүп, «кармандагы» түнөгө чейин 4 саат кетет.
Маршрутту басып өтүүчүлөргө кеңештер
-
Топтогу катышуучулардын саны – 4–6 адам.
-
Алгачкы бивуак – жогорку Кичкинеколь түнөгү.
-
Бивуактан чыгып кетүү убактысы – эртең мененки саат 4:00 түгөндө.
-
4 адамдан турган топко атайын жабдуулар:
- а) Негизги жип – 2×40 м.
- б) Керектүү репшнур – 5 м.
- в) Аскалуу крюктер – 6–8 даана.
- г) Муз крюктер – 3–4 даана.
- д) Аскалуу балкалар – 2 даана.
- е) Кошки – 1–2 жубу.
- ж) Карабиндер – 8–9 даана.
-
Бивуак үчүн мүмкүн болгон жерлер – бүт маршрут боюнча.


Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз