
Рис.
13
Рис. 14
4. Эрцог чокусунун чыгыш кыр аркылуу чыгуу — 4А татаалдык категориясы (13 жана 14 сүрөттөрдү кара)
Домбай талааснан Турьего көлүнө чейин жол менен, андан ары:
- мөңгүнүн моренасы менен жогору,
- андан кийин Алибек мөңгүсү аркылуу (мөңгү талкаланган, кылдат сактандыруу керек!),
- эки аскалуу чыгып жаткан тумшуктун сол жагы менен тик карлуу бет аркылуу Эрцог тоосунун мойнуна чыгуу. Бивуак жайлашкан жер.
Домбай талаасынан 7–8 саат.
Бивуактан кыр аркылуу эки жандармга чейин.
- Биринчи жандармды сол жактан жантайма ички бурч аркылуу айланып өтүү (крючьялуу сактандыруу керек!)
- Экинчисин да сол жактан текши таштар аркылуу
Жандармдан кийин кырга 5 метрлик дубал аркылуу чыгуу (крюк!). Үчүнчү жандармды оң жактан ак дубал аркылуу айланып өтүү (крючьялуу сактандыруу керек!). Андан кийин кыр менен тик бетке чейин, аны сол жактан айланып өтүү, дубал аркылуу кырга чыгуу. Андан ары кыр менен карлуу мойнуна чейин. Карлуу мойнунан көтөрүлүү уланып, дайыма кыр менен түштүк жакты көздөй чыгыш жана түштүк кырлардын кошулган жерине чейин баруу. Андан кийин түздөн түз чокунун алдындагы кырга чейин жана ал аркылуу чокуга чыгуу.
Мойнунан чокуга чейин 8–9 саат. Түшүү 2Б категориядагы маршрут аркылуу же За категориядагы маршрут боюнча.
Чыгуучуларга рекомендациялар
- Топтогу катышуучулардын саны — 6 кишиден ашпашы керек.
- Баштапкы бивуак — Эрцогдун мойну.
- Бивуактан чыгып кетуу убактысы — эртең мененки саат 5–6.
- Төрт кишилик топко атайын жабдуулар: а) негизги аркан 2×40 м; б) репшнур — 4 м; в) аскалуу крючьялар — 8–10; г) муздуу крючьялар — 2; д) балкалар — 2; е) карабины — 10; ж) кошки — 4 жубу (жайдын экинчи жарымында).
- Мүмкүн болгон бивуактардын орду: 1-чи — ак дубалдын артындагы кырда; 2-чи — карлуу дөңсөөдө.
- Кар калың болгон учурда ак дубалды сол жактан айланып өтүү сунушталат.
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз