
Рис. 25
1. Софруджу чокусуна чыгуу (3785 м) — кат. тат. 1Б (рис. 25)
Домбайская полянадан көпүрө аркылуу Алибек суусунан ашып, чоң Белалакайский кулуарынан агып түшкөн сууну бойлоп барышат. Андан кардынөтүккө (снежник) чыгат да 300–350 м жогору барат. Андан кейин солго Софруджинский кулуарына бурулат (таш кулаганга каттеш!) жана андан жогору чоң асарып турган зоо ташка чейин барат. Андан ары тике өйдө өтө тик участок аркылуу тропка чыгат да, ал андан Медвежья полянасына барат.
Медвежья полянасынан карды бойлоп 300–350 м Белалакайдын чыгыш жагындагы жантаймасынан Софруджинский бивуакка чыгат. Домбайская полянасынан барары 5–6 саат.
Бивуактан (байланышкан абалда!) кар жантаймасы аркылуу 100 м өйдө көтөрүлүп андан кейин солго Софруджинский ашууну көздөй, Задняя Белалакайдын жантаймасына параллель түрдө, фирндик платнун сол жээгине жакын (Задняя Белалакайдын жантаймасынан кардын-боручунун (снежно-ледовые обвалы) түшүү коркунучу бар). Бара жатып Задняя Белалакайдын кырынын бүткөн жеринен 150–200 м чыгышта бурулуш оңго жасалгандан кийин, кесилген жарыктар (трещиналар) аркылуу фирндик жантаймага чыгат (камсыздануунун жардамы менен!).
Ашуудан чокуга түштүгүдөй чыгыштан түштүккө карай багытта чыгат:
- алгач түндүк жактын чокусуна карай багытта,
- эки чокунун арасындагы ойдуңга келип калып, чоң чокунун кырына чыгат,
- кыр аркылуу чокуга барат.
Софруджинский бивуактан чокуга барары 3,5–4 саат.
Чыгып кеткен жол менен Домбайская полянасына түшүү 6–7 саатка созулат.
Чыгуучуларга сунуштар
- Топтөгу катышуучулардын саны — чексиз.
- Алгачкы бивуакы — жогорку Софруджинская түнөөгү.
- Бивуактан чыгуу убакыты — 5:00.
- Төрт кишилик топко специалдык шаймандар: а) негизги аркан 2×30 м; б) аскалык кручья — 1–2; в) муздук кручья — 2; г) аскага чыгуучу балкатай — 1; д) карабиндер — 6.
Комментарийлер
Комментарий калтыруу үчүн кириңиз